Оштогу эстакадалык көпүрө Эгемендүүлүк күнү пайдаланууга берилет

Оштогу эстакадалык көпүрө Эгемендүүлүк күнү пайдаланууга берилет

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы Б. Осмонов, Г. Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрдин айтымында, объекттин курулушу 2025-жылы тиешелүү документтери жок, оозеки келишим менен башталган. Президенттин тапшырмасы менен көпүрө Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө алынып, долбоордук документтери жана сметалык наркы даярдалып, курулуш иштери улантылган.

“Учурда курулуш иштери аяктоо алдында. Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз”, – деди Нурдан Орунтаев.

Эстакада министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун сметалык наркы 500 млн сомдун тегерегинде. Эстакаданын узундугу 84 метр, ага байланышкан жол 334 метрди түзөт.

Учурда көпүрөнү монтаждоо, бетон, таяныч дубалдарды жана тосмолорду орнотуу иштери толук аяктап, жолго асфальт төшөөгө даярдык жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media
Бишкекте каналдар тазаланууда

Бишкекте каналдар тазаланууда

Борбордогу Чыгыш Чоң Чүй каналында 7-Апрель көчөсүнөн Мавлянов көчөсүнө чейинки тилке тазаланууда. 700 погондук метр аянт таштанды жана камыштан арылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, канал жыл сайын жазында жана күзүндө тазаланат. Максаты - каналдардын тазалыгын сактоо жана сугат суусун үзгүлтүксүз берүү. Бүгүнкү күндө шаар боюнча

Ишкер Media