Бишкекте Кыргызстан – Корея достук паркына 70 түп гибискус отургузулду

Бишкекте Кыргызстан – Корея достук паркына 70 түп гибискус отургузулду

Кечээ Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Кореянын достук паркында экологиялык акция өтүп, 70 түп гибискус бадалы отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргызстандагы Кореянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Дже, Кореянын Кёнгидо провинциясынан келген жаш ыктыярчылар, "Кая КДЖИ" коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Мэр Айбек Джунушалиев мындай демилгелер Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

"Бүгүн биз жөн гана бадалдарды отургузбастан, элдерибиздин ортосундагы достуктун дагы бир символун жаратып жатабыз. Экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу багыттарындагы кызматташтык биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул демилгеге катышып жаткан жаштарга ыраазычылык билдирем жана мындай жакшы саамалыктар мындан ары да улантыларына ишенем", — деди мэр.

Акция Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media