Бишкектеги бир катар объектилердин сапаты текшерилди

Бишкектеги бир катар объектилердин сапаты текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Айни көчөсүндө жайгашкан №69 орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектте оңдоо иштери аяктап, учурда шыбак иштерине, имараттын фасадын оңдоого жана электр менен камсыздоо системасын монтаждоого көңүл бурулууда. Долбоор ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнү жана спорт аянтчасын курууну камтыйт.

Ошондой эле борбор калаанын жетекчиси №56 орто мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, фасадын оңдоо жана жаңылоо, ошондой эле мектепке караштуу аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Мындан тышкары, Иманалиев көчөсүн оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Учурда суу түтүктөрүнүн тармактарын куруу иштери улантылууда. Инженердик иштер аяктагандан кийин жаңы жол тилкесин жана жөө адамдар өтүүчү тротуарды куруу пландалууда.

Жал айылында мэр көп функционалдуу спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышты. Комплекстин аймагында административдик блок, футболчулар жана машыктыруучулар үчүн жатаканалар, бала бакча, бассейн, ошондой эле машыгууларды жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жети футбол талаасы жайгашат.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында мэр Айбек Жунушалиев жооптуу кызматтарга иштердин темпин күчөтүүнү, алардын сапатын камсыз кылууну жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды. Ошондой эле аймактарды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media