Бишкектеги теннис комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкектеги теннис комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарында “Жабык теннис комплексин оңдоо жана жеңил конструкцияларды куруу” долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду. Долбоор Бишкек шаарынын 4-кичи районунда ишке ашырылат. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана мэрдин орун басары Рахат Мусаева катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимге Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен “Прайм Корт” ЖЧКсы кол коюшту. Документ тиешелүү сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, анын жеңүүчүсү болуп “Прайм Корт” ЖЧКсы табылган.

Долбоорду ишке ашыруунун негизги максаты – чоң теннис менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртуу, массалык жана профессионалдык спортту өнүктүрүү, ошондой эле борбор калаанын спорттук инфраструктурасын жаңылоо. Бул өз кезегинде Бишкек шаарынын спорттук борбор катары имиджин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, шаар тургундарын спорттун түрлөрү менен машыгууга кеңири тартуу жана спортко жаңыдан кызыгып баштаган жаштарды колдоо максатында долбоордун алкагында падел-теннис үчүн атайын аянтча да курулат.

Келишимге кол коюлушу Бишкек шаарындагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун кезектеги маанилүү этабы болуп саналат.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media