Кыргызстанда абанын булганышына жаңы ыкма менен мониторинг жүргүзүлөт

Кыргызстанда абанын булганышына жаңы ыкма менен мониторинг жүргүзүлөт

Кыргызстанда Борбордук Азияда биринчи жолу абанын булганышына таасир эткен температуралык инверсияларга мониторинг жүргүзүлө баштайт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Кыргызгидрометке МТР-5 метеорологиялык жабдуусун өткөрүп берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жабдык абанын температурасын жерден 1000 метрге чейинки бийиктикте өлчөп, температуралык инверсияны аныктоого мүмкүндүк берет.

Температуралык инверсия учурунда жерге жакын аба катмарынын кыймылы начарлап, түтүн, чаң жана башка зыяндуу заттар өйдө көтөрүлбөй, шаар үстүндө топтолуп калат. Натыйжада абанын булганышы күчөшү мүмкүн.

Жаңы жабдык аркылуу адистер мындай көрүнүштөргө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, аба ырайынын абанын булганышына тийгизген таасирин аныктай алышат.

Мындай мониторинг системасы Кыргызстанда биринчи жолу колдонулууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media