“Манас Деми” эл аралык марафонунун байге фонду 1 млн сомду түзөт

“Манас Деми” эл аралык марафонунун байге фонду 1 млн сомду түзөт

19-сентябрда Талас шаарында экинчи жолу Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген жөө күлүктөр жарышат. 

Прзедиенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жарыш "Манас Ордо" улуттук тарыхый-маданий комплексинин аймагында өтөт. Быйыл уюштуруучулар 1,5 миңге жакын катышуучуну күтүп жатат. 

Программада 21,1 км, 10 км жана 3 км аралыктагы жарыштар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өзүнчө 1 км жарыш, ошондой эле балдар арасында өтүүчү “Манас Деми – Балакай” жарышы бар.

Байге фонду 1 млн сомду түзөт. Ар бир чоңдор арасындагы аралык боюнча эркектер жана аялдар категориясында жеңүүчүлөр аныкталат.

Спорттук программа менен катар “Манас Деми” аянтчасында кыргызстандык аткаруучулардын катышуусунда концерт өтөт. 
Жарым марафондун алкагында чогулган бардык каражат Талас облусундагы балдар үйлөрүнө өткөрүлүп берилет.

“Манас Деми” жарышын президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана “Альянс Алтын” компаниясы уюштурууда. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында 530 орундуу мектеп курулууда

Манас шаарында 530 орундуу мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы №13 Р. Азимбаев атындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Учурда объектте курулуш жана монтаждоо иштери комплекстүү

Өлкө боюнча 1208 чакырым жол асфальтталды

Өлкө боюнча 1208 чакырым жол асфальтталды

Өлкө аймагында жол куруу жана оңдоо иштери жогорку темпте уланууда. 2026-жылдын 19-августуна карата республика боюнча жалпы 1208 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге жакын өстү. Тактап айтканда, 2025-жылдын 19-августуна карата

Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоого турган жери боюнча эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөндөрдү салыктык жоопкерчиликтен бошотууну сунуштады. Буга чейин айрым салык төлөөчүлөр аталган салыктарды эсепке турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп

Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда бензин, дизель майы жана автогаздын чекене баасын кармап туруу үчүн мунай сатуучуларга дээрлик 1 млрд сом субсидия төлөндү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка таянсак,, күйүүчү майдын өздүк наркы май куюучу жайлардагы баадан кыйла жогору. Айырмасын мамлекет бюджеттин эсебинен компенсациялап жатат. Мисалы, АИ-92 бензининин чыныгы