Ошто маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат
Ош шаарындагы борбордук базардын мурдагы ордуна жаңы маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат. 20-августта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана аталган жайдын менчик ээлери ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлду.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында байыркы Оштун тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрү каралган.
Жаңы комплекс менчик ээлери тарабынан ири көлөмдөгү инвестициянын эсебинен курулат. Жер ээлеринин компенсация маселеси да долбоордун алкагында каралат.
Курулуш иштерин 1-сентябрдан тарта баштоо пландалууда.