Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун өзгөрүшүнө бөгөт коюп, аткарылып жаткан иштердин сапатын камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Аталган объект Чүй региондук башкармалыгынын курулуп жаткан объектилеринин реестрине киргизилген. Учурда объектте шаар куруу жана архитектура жаатындагы талаптардын сакталышы, ошондой эле курулуш иштеринин сапаты туруктуу көзөмөлдөнүүдө.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы тиешелүү тилкелерде жээктерди бекемдөө иштери аяктоо алдында турат.

Ал эми Сокулук районунда Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

29-октябрда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" паркына барып, европалык компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн долбоору талкууланды. Курулуш 2026-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын аягында бүтмөкчү. Ишке ашса, дүйнөдөгү

Ишкер Media
Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады. Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан.

Ишкер Media
Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media