Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га жайыт жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкендиги аныкталган. 

Жогорудагы факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

29-октябрда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" паркына барып, европалык компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн долбоору талкууланды. Курулуш 2026-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын аягында бүтмөкчү. Ишке ашса, дүйнөдөгү

Ишкер Media
Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады. Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан.

Ишкер Media
Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media