Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү боюнча “Нелегал” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, 5-19-августта 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган.

20-августта өткөн “Нелегал Мото-курьер” рейдинде 48 чет өлкөлүк жаран текшерилип, миграциялык талаптарды жана мототранспортту пайдалануу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Бул боюнча 322 миң сом айып пул салынган.

Атайын кызмат мыйзамсыз миграция жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча иштер уланып жатканын билдирди

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

29-октябрда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" паркына барып, европалык компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн долбоору талкууланды. Курулуш 2026-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын аягында бүтмөкчү. Ишке ашса, дүйнөдөгү

Ишкер Media
Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады. Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан.

Ишкер Media
Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media