Кырчын жайлоосундагы мал союучу жайлар текшерилди

Кырчын жайлоосундагы мал союучу жайлар текшерилди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Кырчын жайлоосунда ветеринардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди.

27-августта кызматтын Ысык-Көл облусундагы регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Садыр Аке айыл аймагындагы этношаарчада жайгашкан эки убактылуу мал союучу жайдын ишмердүүлүгүн текшеришти.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынан, жети облустан келген өкүлдөр, ошондой эле 72 боз үйдө коомдук тамактануу кызматын көрсөткөндөр менен жолугушуу өткөрүлдү.

Анда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана малды атайын белгиленген убактылуу мал союучу жайларда гана союу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

29-октябрда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" паркына барып, европалык компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн долбоору талкууланды. Курулуш 2026-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын аягында бүтмөкчү. Ишке ашса, дүйнөдөгү

Ишкер Media
Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады. Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан.

Ишкер Media
Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындай чечим президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун Анкара шаарында өткөн 13-

Ишкер Media