Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана америкалык “Wabtec” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Жолугушууда Мамлекет башчысы АКШны көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктап, Америка элине бакубатчылык каалады.
Маалымдалгандай, Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле өлкөдө темир жол түйүндөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
Жыйынтыгында "Кыргыз темир жолу" үчүн ТЭ33АС сериясындагы 10 заманбап жүк ташуучу локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Локомотивдер 2027-жылдын аягына чейин Кыргызстанга жеткирилет.