Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү
Октябрдын башында Нарын жана Ош шаарларында "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамика" темасында окутуу тренингдери өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, тренингдер 1-3-октябрда Нарындагы Борбордук Азия университетинде жана 8-10-октябрда Оштогу Адышев атындагы технологиялык университетте уюштурулду. Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү менен КЭУнун Экономикалык моделдөө борбору жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси өткөрдү.
Максат - мамлекеттик органдардын жана жогорку окуу жайлардын жашыл экономиканы моделдөө боюнча потенциалын чыңдоо жана Париж келишими, NDC сыяктуу климаттык милдеттенмелерди аткарууга көмөк көрсөтүү.
Окутууга министрликтерден жана ЖОЖдордон 62 адис катышты. Алар системалык ой жүгүртүү, Vensim PLE программасы, жашыл экономиканын улуттук модели (GEM) жана "чыгым-пайда" ыкмасы боюнча билим алышты.
Жыйынтыгында катышуучулар аналитикалык маалымкаттарды коргоп, сертификат алышты. Алар үчүн моделдөө боюнча атайын адистер тобу түзүлдү.
Министрлик мындай тренингдерди башка аймактарда да улантууну пландап жатат.