Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду
Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган.
Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор:
10-октябрдан 24-октябрга чейин:
• "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025)
• "Ийгилик Али" ЖЧК - Бишкек, Менделеев 91 б. Лицензия №6411 (25.11.2022)
13-октябрдан 27-октябрга чейин:
• "Азирет Трейд" ЖЧК - Чүй, Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата 721а. Лицензия №6936 (19.09.2024)