Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:

 • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик тиркемеси аркылуу Face-ID биометрикалык идентификациясы көмөгүндө же Мамлекеттик салык кызматынын Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу түздөн-түз катталуу.
• Ыңгайлуу төлөм: Ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн интернет-эквайринг аркылуу Visa, MasterCard же “Элкарт” банктык карталары менен онлайн төлөө.
• Бирдей тарифтер: Төгүмдүн өлчөмүн жаран өзү аныктайт (орточо эмгек акынын 8-10 %дан кем эмес).

Топтолгон каражаттар кантип бөлүштүрүлөт:

• Пенсиялык фондго (ПФ) — 8%

• Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна (МТПФ) — 2%

Ушуга байланыштуу Соцфонд, жарандарды үйдөн алыста жүрсө да, ишенимдүү келечек үчүн - социалдык кепилдиктерди камсыздоону сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media
Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Октябрдын башында Нарын жана Ош шаарларында "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамика" темасында окутуу тренингдери өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, тренингдер 1-3-октябрда Нарындагы Борбордук Азия университетинде жана 8-10-октябрда Оштогу Адышев атындагы технологиялык университетте уюштурулду. Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү менен

Ишкер Media