Өлкөдө орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү

Өлкөдө орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү

Кыргызстанда январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү. Бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева 15-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, учурда республика боюнча керектөө жана тарифтердин өсүшү 8,1% түздү. Азык-түлүк, алкоголсуз ичимдиктерге баа 7%, азык-түлүк эмес товарларга 6%, кызмат көрсөтүүнүн баасы 11% көтөрүлгөн.

Маалыматка ылайык, бул мезгилде баалар жаңы союлган этке, сүткө азык-түлүккө өскөн.

Ал эми айлык акы 2026-жылы искусство жана көнүл ачуу тармагында, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан камсыздоо, курулуш, илимий, техникалык кызматтагы, транспорт, финансы, айыл чарба кызматкерлеринин айлыгы козгө көрүнөрлүк жогорулоо болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media
Бишкекте каналдар тазаланууда

Бишкекте каналдар тазаланууда

Борбордогу Чыгыш Чоң Чүй каналында 7-Апрель көчөсүнөн Мавлянов көчөсүнө чейинки тилке тазаланууда. 700 погондук метр аянт таштанды жана камыштан арылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, канал жыл сайын жазында жана күзүндө тазаланат. Максаты - каналдардын тазалыгын сактоо жана сугат суусун үзгүлтүксүз берүү. Бүгүнкү күндө шаар боюнча

Ишкер Media