22-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт
22-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалымдалгандай, өчүрүү "ХБО" суу топтомосундагы жана шаардык тармактагы оңдоо иштерине байланыштуу.
Турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга жана ооруканаларга суу берилбейт. "Бишкексууканал" тургундардан сууну алдын ала камдап алууну суранат.