2027-жылдын 1-июлунан кыргызстандыктар Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алуу керек
2027-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандын жарандары Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болот. Ага чейин уруксаттын жоктугу өлкөгө кирүүдөн баш тартууга негиз болбойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда киргизилчү жаңы талаптар боюнча алдын ала маалыматка таянып билдиргендигин Еconomist.kg жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Казакстан өкмөтүнүн 2026-жылдын 10-октябрындагы №890 токтому менен чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандарына электрондук уруксат берүү системасын киргизүү каралган.
Системаны жайылтуу бир нече этаптан турат:
- 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта — Актаудагы эл аралык аэропортто жана “Үрлутөбө”, “Аухатты”, “Атамекен”, “Нурлы Жол” автомобиль өткөрүү пункттарында;
- 2027-жылдын 1-январынан тарта — Астана жана Алматы шаарларынын эл аралык аэропортторунда;
- 2027-жылдын 1-мартынан тарта — мамлекеттик чек арадагы калган бардык өткөрүү пункттарында;
- 2027-жылдын 1-июлунан тарта — жаңы талаптар жайылтылган чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук уруксат алуу милдеттүү болот.
2027-жылдын 1-июлуна чейин электрондук уруксаттын жоктугу Казакстанга кирүүгө тыюу салууга негиз болбойт.
Алдын ала маалымат боюнча, электрондук уруксат акысыз берилет. Аны алуу үчүн Казакстанга кирүүнү пландаган күндөн кеминде 72 саат мурда арыз берүү зарыл. Уруксат 180 календардык күн бою жарактуу болуп саналат.
Электрондук уруксат алуу талабынан төмөнкүлөр бошотулат:
- 16 жашка чейинки балдар;
- 65 жаштан жогорку жарандар;
- Казакстанда убактылуу жашоого уруксаты же жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүктөр;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери;
- ошондой эле башка айрым категориядагы адамдар.
Казакстанда канча күн жүрүүгө болот?
Электрондук уруксат киргизилгенине карабастан, Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстанда жүрүүнүн азыркы чектөөсү өзгөрбөйт. Алар ар бир 180 күндүк мезгил ичинде өлкөдө жалпысынан 90 күнгө чейин боло алышат.
Казакстанга барууну пландап жаткан жарандар суроолору болсо төмөнкү байланыштар аркылуу кайрыла алышат:
- Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги: +7 776 124 88 33;
- Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу: +7 777 996 77 10;
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.