Эсеп палатасы 2025-жылы 13,4 миллиард сомду мамлекеттин казынасына кайтарды
Эсеп палатасы 2025-жылы 13,4 миллиард сомду мамлекеттин казынасына кайтарды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.
Төрага бул көрсөткүч инспекторлордун гана эмес, бүтүндөй тутумдун принципиалдуу жана жаңыча иштөөсүнүн түздөн-түз натыйжасы деп эсептейт.
"Буга чейин текшерүүнүн максаты жөн эле катаны таап, акт жазып кетүү менен чектелсе, азыр биз ишти уюштуруунун сапатын өзгөрттүк. Аудит объектилерине эскертүү берүү жана андан кийинки мониторинг жүргүзүү механизмин катуу тартипке салдык. Ар бир аныкталган мыйзам бузуу боюнча акча казынага накталай кайтканга чейин инспекторлордун көзөмөлүндө турат. Бул 13,4 млрд сомдун калыбына келтирилиши бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жабууга, социалдык милдеттенмелерди өз убагында аткарууга жана өлкөнүн ички инфратүзүмдүк долбоорлорун каржылоого кошумча катары абдан чоң, реалдуу көмөк болду деп ойлойм.
Элдик акча менен иштегендер Эсептөө палатасынан жең ичинен сүйлөшүп кутулуу мүмкүн эмес экенин, ар бир тыйын үчүн мыйзам алдында жооп берерин билишет. Бул коомдо каржылык тартипти жана жоопкерчиликти сезүүнү жаңы деңгээлге көтөрдү. Бирок биз бул жыйынтыкка эле токтолуп калбайбыз, келечекте калыбына келтирүүнүн пайызын мындан да жогорулатуу багытында ишти системалуу улантабыз", - деп билдирет Акматов.