Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Касымалиев Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин мааракеси менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо текстин окуп берди.
Куттуктоодо Эсептөө палатасы мамлекеттик аудитти жүзөгө ашырган жана финансылык тартипти камсыз кылган негизги институт экени белгиленди. Президент өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашканын, бул мамлекеттик каражатты пайдалануу үчүн жоопкерчиликти жогорулатарын баса белгиледи.
"Бөлүнгөн ар бир сом элге кызмат кылышы керек. Мамлекеттик аудиттин башкы милдети дал ушунда", - деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле мамлекеттик аудитке карата талаптар жогорулаганы, бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун так көрө билүү зарылдыгы белгиленди.
Эсептөө палатасы бузуулардын кесепеттерин жоюу менен гана чектелбестен, алардын алдын ала билүүгө жөндөмдүү болушу керектиги айтылды.