Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти.

Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

"Биз эл аралык инвесторлор менен кызматташууга ачыкпыз жана келечектүү демилгелерди иштеп чыгууга, ошондой эле долбоорлорду илгерилетүүнүн бардык баскычтарында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз", - деди Сабиров.

Жолугушууда James Cubitt & Partners компаниясынын И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында онкологиялык ооруларды дарылоочу Улуттук клиниканы куруу демилгеси талкууланды.

Долбоор заманбап нур терапиясы технологияларын киргизүүнү камтыйт. Ал эми ага тартылуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 500 млн долларга бааланууда.

Тараптар демилгени мындан ары иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты