Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн балансына өткөрүлдү.
Кайыкты президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев тапшырды.
Жаңы техника кайгуул иштерин күчөтүп, мыйзамсыз балык уулоо фактыларын өз убагында аныктоого өбөлгө түзөт.


