Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды
Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт.
Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап кылынары белгиленген.