Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты
Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди.
Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын ичинде 3 кВт лимит тууралуу суроосун узатты.
Анын айтымында, электр энергия үнөмдөө максатында министрлик 2025-жылы октябрдан баштап 2026-жылдын апрель айына чейин жарандар үчүн 3 киловатт деген чектөө киргизгенин эске салып, “быйыл да чектөө октябрда башталдыбы?” - деп сурады.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков азыр 3 кВт деген чектөө жок экенин белгиледи.
Ал эми депутат Улугбек Ормонов электр энергиясынын тартыштыгын жоюу, импортко көз карандылыкты азайтуу жана өлкөнүн ички энергетикалык кубаттуулуктарын көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыкты.
Мындан тышкары, депутаттар энергетика тармагындагы дебитордук карыздарды кыскартуу, көмүр кампаларынын иши жана көмүрдүн сапатын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү чечим кабыл алынды.