Бишкекте «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагы өттү
Кече Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлүп жаткан «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагынын экинчи сезонунун жетинчи оюну өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, оюнга Бишкек шаарында 12 жогорку окуу жайлардын атынан 12 команда катышты. Оюндун жыйынтыгында биринчи орунду - К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин командасы ээледи.
Экинчи орун - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин командасына, үчүнчү орун - И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасына ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери акчалай сыйлыктар, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Биринчи орунду алган командага кубок тапшырылды. Ошондой эле бардык катышуучулар активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттарына ээ болушту.


