"Нелегал" рейдинде 13,4 млн сомдон ашык айып пул салынды
2026-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин Кыргызстанда миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Рейддин жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 93-беренеси боюнча жалпы суммасы 2 млн 927 миң сомду түзгөн 75 административдик протокол түзүлгөн. Ал эми кодекстин 431-беренеси боюнча 10 млн 480 миң сомдук 1 миң 412 протокол толтурулган.
Жалпысынан эки берене боюнча 1 миң 487 административдик протокол түзүлүп, айып пулдардын суммасы 13 млн 407 миң сомду түзгөн.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан Кыргызстандын жарандары жана юридикалык жактар арасында миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөн.


