Балыкчы жана Талас шаарларында жүрөккө операция жасала баштады

Балыкчы жана Талас шаарларында жүрөккө операция жасала баштады

Балыкчы жана Талас шаарларында инфарктка кабылган бейтаптарга тез жардам көрсөтүүчү адистештирилген борборлор иштеп жатат. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Талант Эралиев билдирет. Дарыгердин айтымында бул борборлордо жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүлөт.

Маалым болгондой, Балыкчы шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун базасында ангиографиялык аппарат менен жабдылган катетерлөө борбору 2026-жылдын май айында ишке кирген. Ал эми Талас шаарындагы ушундай эле жабдуу 6-октябрдан тартып иштей баштаган.

Эралиев белгилегендей, борборлордо миокарддын курч инфарктына жана инфаркт алдындагы абалга кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүлүп, кан тамырларды стенттөө, жүрөк ритми бузулганда электрокардиостимулятор орнотуу сыяктуу операциялар жасалат.

"Кийинки этапта Нарын шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ангиографиялык аппаратты 2026-жылдын 10-ноябрына чейин ишке киргизүү пландалууда. Бул аймак тургундарынын жүрөк ооруларына байланыштуу адистештирилген медициналык жардам алуусун жеңилдетет", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги төлөм уюмуна 55 миң сом айып салынды

Бишкектеги төлөм уюмуна 55 миң сом айып салынды

Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Бишкектеги төлөм уюмуна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка караганда, төлөм системасынын оператору ички көзөмөл системасын уюштуруу бөлүгүн аткарбагандыгы аныкталган. Натыйжада уюмга 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Төлөм уюму — банк болуп саналбаган, бирок төлөмдөрдү кабыл алуу, иштетүү жана

Ишкер Media
Президент бүгүн иш сапар менен Жалал-Абадга барат

Президент бүгүн иш сапар менен Жалал-Абадга барат

Бүгүн, 22-октябрда президент Садыр Жапаров иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Айтымында, мамлекет башчысы райондордун эли менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле президент жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.

Ишкер Media
Ноокенде 10 километр жол асфальтталууда

Ноокенде 10 километр жол асфальтталууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Майлуу-Суу – Маданият автожолунун 10 километр аралыгына асфальт төшөө пландалган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди. Билдирүүгө ылайык, учурда аталган тилкеде жер жумуштары толугу менен аяктап, асфальт төшөө иштери башталды. Жолго эки катмар асфальт басуу каралган. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу

Ишкер Media
Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 22 балбан катышат

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 22 балбан катышат

24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дүйнө биринчилигинде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат.  Аталган эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын 22 спортчу коргойт: грек-рим күрөшү боюнча 10, эркин күрөш боюнча 8 жана кыз-келиндер күрөшү

Ишкер Media