Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү
Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты.
Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду.
Уюштуруучулар - "Эко Дем" эко-долбоору жана Бишкек мэриясы.