Садыр Жапаров Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Көл шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясынан маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, Кара-Көл шаарында 2021–2026-жылдары жаңы мектеп, бала бакча жана 32 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди.
Аталган мезгилде шаарда 13,5 чакырым ички жол асфальтталып, 1,58 чакырым жаңы тротуар салынган. Ошондой эле мини-футбол үчүн эки аянтча курулган.
Мындан тышкары, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана "Электр станциялары" ААКтын жаңы административдик имараттары пайдаланууга берилген.
Учурда милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жана Жалпы дарыгерлик практика борборун капиталдык оңдоо иштери уланууда. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания шаарда көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун баштаган.
"Жаштар аллеясын" көрктөндүрүү жана шаардын борбордук тепкичин оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланган маалыматта.