"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт
"Ош базары" 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы эл менен болгон жолугушуулардын биринде айтты. Анда өлкө башчы базарды мамлекет өзү куруп жатканын билдирди.
"2021-жылы эле Бишкектеги жана Кара-Суу базарларынын ээлерин чогултуп айттым эле. Отуз жылда ушул жерден долларлык млрддер болдуңар, эми элдин баарын сууукта кылчылдатып, ысыкта ысытпай жакшынакай заманбап кылып базар салып бергиле дегем. Бирөө дагы бир квадрат метр базар салбады. Кечээ, жакында көрдүңөр ээ, "Мадина" базарын мамлекет көзөмөлгө алдык. Ушул сыяктуу эле "Ош базарын" салдык", - деди президент өз сөзүндө.
Буга чейин, "Ош базары" көчүрүлө турганы жана шаардын четинде базар салынып жатканы маалым.