63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты
American Airlines компаниясынын эң тажрыйбалуу борт коштоочусу Кэрол Фэйр 83 жашында пенсияга чыкты. Ал акыркы каттамын 26-октябрда Лондондон АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Шарлотт шаарына аткарган. Аны аэропорттон үй-бүлөсү, достору жана кесиптештери тосуп алышкан. Авиакомпания анын урматына атайын узатуу аземин жана суу салютун уюштурган.
Рeople басылмасынын маалыматына ылайык, Фэйр авиациядагы карьерасын 1963-жылы, 19 жашында Piedmont Airlines компаниясында баштаган. Кызыгы, ага чейин American Airlines аны жумушка кабыл албай койгон. Кийин Piedmont Airlines бир катар биригүүлөрдөн кийин American Airlines компаниясынын курамына өткөн.
1987-жылы Кэрол Фэйр Шарлотт шаарынан Лондонго учкан Piedmont Airlines компаниясынын алгачкы каттамынын экипажында да иштеген. Анын акыркы рейси дал ошол Лондон–Шарлотт багыты менен аяктап, 63 жылдык эмгек жолуна символикалык чекит койду.
Пенсияга чыккан учурда Фэйр American Airlines компаниясынын болжол менен 30 миң борт коштоочусунун арасында эмгек стажы боюнча биринчи орунда турган.
«Мен ар бир мүнөттөн ырахат алдым. 30 миң кызматкердин арасында биринчи орунга чыктым. Мындан ары көтөрүлө турган жер жок, демек карьерамды тынч аяктасам болот», - деген ал.
Пенсияга чыккандан кийин Кэрол Фэйр ардагерлерге жардам берүү багытында ыктыярчы болуп иштөөнү пландап жатат.

