Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форум өтөт
5-ноябрда Бишкек шаарында "Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо" аттуу өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, иш-чараны Министрлер Кабинети тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен биргеликте уюштурулууда.
Форумга Кыргызстандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, ЮНИДОнун, БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин, эл аралык финансы институттарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана инвесторлор катышат.
Талкуулардын негизин Кыргыз Өкмөтү менен ЮНИДОнун ортосундагы Мамлекеттик өнөктөштүк программасы (МӨП) түзөт.