7 агенттикке Кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат берилди

7 агенттикке Кыргыз  жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат берилди

Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөнүн маалымдады.

Маалым болгондой, жыйында Кыргыз жарандарын өлкө чегинен тышкары ишке орноштурууга көмөктөшкөн жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер каралды.

Анда комиссия бир катар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жаңы уруксаттарды берүү жана мурда берилген уруксаттардын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле айрым уюмдарга уруксат берүүдөн баш тартуу чечимдерин кабыл алды.

Кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө төмөнкү уюмдарга уруксаттар берилди:
  • "Динар Компани" ЖЧКсы — Түркия Республикасы;
  • "ПФ Германия Карьера" ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы;
  • "Флай Глобус" ЖЧКсы — Түркия Республикасы;
  • "ОЛИМП КЕЙ ДЖИ ТРЭВЕЛ" ЖЧКсы — Түркия Республикасы жана Болгария Республикасы;
  • "Олива" ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы;
  • "ЭРА-Тревел" ЖЧКсы — Польша Республикасы (шарт менен);
  • "Окуу жумуш Италия" ЖЧКсы — Италия Республикасы (шарт менен).
Төмөнкү жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксаттарынын мөөнөтү бир жылга узартылды:
  • "Бест Чойс" ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы.
  • "Тайга Групп" ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
  • "Евро Сапар" ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
  • "Арча АС Туризм" ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
  • "Рамай-Саякат" ЖЧКсы — Польша Республикасы (шарт менен).
  • "Эмир Тревел" ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
  • "Аиша" ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
  • "Аска-Трэвел" ЖЧКсы — Болгария Республикасы.
Ошону менен бирге комиссия Россия Федерациясы багыты боюнча "Арча АС Туризм" ЖЧКсына жана Германия Федеративдүү Республикасы багыты боюнча "Глобал проспект бридж" ЖЧКсына уруксат берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Таласта 1,1 млрд сомдук келечектүү долбоорлор пландалууда

Талас шаарын мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында жалпы наркы 1,1 млрд сомду түзгөн жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 2-ноябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоорлордун катарында 12 чакырым жолду асфальттоо жана тротуарларды куруу, автобекетти реконструкциялоо, заманбап муниципалдык автопаркты куруу каралган. Ошондой эле шаарды ичүүчү

Ишкер Media
Жалда №72 мектепке 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулду

Жалда №72 мектепке 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулду

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №72 мектепке 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен каралган. Жаңы мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын май айында, Курулуш министрлиги тарабынан башталган. Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө курулду. Анда предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы

Ишкер Media
Таластын жолдоруна 2 млрд сом бөлүнгөнү айтылды

Таластын жолдоруна 2 млрд сом бөлүнгөнү айтылды

Беш жылда республикалык бюджеттен Талас шаарынын жолдорун өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Маалымдалгандай, жол жана коммуналдык инфраструктураны жаңылоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн. 2021–2026-жылдары республикалык бюджеттен жолдорду өнүктүрүүгө 2,

Ишкер Media
Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңип алышты

Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңип алышты

24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдештер грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча уюштурулду. Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдагандай, Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда эки күмүш жана үч коло медаль жеңип алды.

Ишкер Media