Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыттын 180 миң гектары деградацияга учураган

Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыттын 180 миң гектары деградацияга учураган

Өлкөдө жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

"Жайыттарды калыбына келтирүү программасынын алкагында кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрүн себүү, мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөшүү жана жайыттарды кезектешип пайдалануу каралган. Бул багытта Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты", - деп жазылат маалыматта.

Түп районунун Сары-Булуң жана Ынтымак айылдарынын жакынкы жайыттарындагы кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрү механизацияланган ыкма менен себилди.

Мындан тышкары, Түп районундагы Чымынды-Сай, Чаркудук жана Дөңгөлөк-Саз жайлоолорундагы жалпы аянты 12 миң гектарды түзгөн жайыттарды натыйжалуу пайдалануу маселеси каралды.

Аталган жайыттарды пайдаланып келген 97 жайыт пайдалануучуну 2027-жылдан тартып Сары-Жаз жайлоосуна чыгаруу пландалууда. Бул чара 30 жылдан бери пайдаланылбай келген жайыттарды кайрадан чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө жана жакынкы жайыттарга түшкөн жүктү азайтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Окуучулардын күзгү каникулу 5 күнгө созулат

Окуучулардын күзгү каникулу 5 күнгө созулат

Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 11-ноябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин базистик окуу пландарында көрсөтүлөт. Маалыматка караганда, каникул 15-ноябрга чейин созулуп, 16-ноябрда сабактар башталат. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA

Ишкер Media
"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

"Байтик" метеостанциясынындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аскер прокуратурасы "Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имаратты буздурууну камсыз кылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан метеостанциянын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталган. Курулуш Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри

Ишкер Media
Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарында эки ири көчө - Т.Атабаев жана Ы.Монуев көчөлөрү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, А.Мамыров көчөсүнөн №47 көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду. Ачылышка мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана тургундар катышты. Жалпы узундугу Төлөнов көчөсүнө чейин 2,6

Ишкер Media
Өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет

Өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет

Кыргызстандын Агартуу министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө иштен бошотууну пландабайт жана жаш курагына карата дискриминация саясатын жүргүзбөйт. Бул тууралуу министрликтен социалдык тармактарда улуу муундагы мугалимдердин эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарыяланган маалыматтарга карата билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы бардык чечимдер КР Конституциясынын, эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле Эл аралык эмгек

Ишкер Media