Чункурчакта коопсуздук талаптары текшерилүүдө

Чункурчакта коопсуздук талаптары текшерилүүдө

Чүй облусунда жайгашкан "Чункурчак" тоо лыжа базасында рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен кабарлашты.

Рейддин жүрүшүндө базадагы асма жолдордун техникалык абалы, эксплуатацияланып жаткан жабдуулардын коопсуздугу, алардын белгиленген талаптарга шайкештиги жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ченемдердин сакталышы текшерилүүдө.

Билдирүүгө караганда, рейдде мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдардын алдын алуу, техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктоо жана туристтер менен эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Иш-чаранын негизги максаты — 2026–2027-жылдардагы кышкы туристтик сезонго карата тоо лыжа базасынын даярдыгын баалоо, ошондой эле эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө.

Рейд Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарынын делегациясы Гомелде кызматташтык маселелерин талкуулады

28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду: Катардын дарыгерлери Кыргызстанда операция жасашты

Бишкекте башкы жаңы жылдык балаты орнотулууда

Баткендеги айылында мектептин курулушу 70 пайызга аяктады

Өлкөдө агро камсыздандыруу программасы ишке кирди. Анын жол-жобосу