Кайрымдуулукка багытталган “Биз биргебиз!” аттуу бир айлык башталды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 3-декабрь – Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата 15-ноябрдан 15-декабрга чейин өткөрүлүүчү “Биз биргебиз!” аттуу майыптыгы бар адамдарды колдоо жана кайрымдуулуктун бир айлыгынын башталганын жарыялады.
Министрликтин маалыматына караганда, бир айлык коомчулуктун көңүлүн майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого, алардын өлкөнүн коомдук турмушуна толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө жана инклюзивдүү демилгелерди өнүктүрүү маселелерине бурууга багытталган.
Ага ылайык, Эмгек, министрлиги бардык мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдү, бизнес өкүлдөрүн жана жарандарды бир айлыктын иш-чараларына активдүү катышууга, майыптыгы бар адамдарга көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө өз салымын кошууга чакырууда.
☝🏻
Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан белгиленген. Анын негизги максаты – майыптыгы бар адамдардын коомдук турмуштун бардык тармактарындагы укуктарын камсыз кылууга көмөктөшүү жана алар туш болгон көйгөйлөр тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу