Ошто капиталдык оңдоодон өткөн дагы бир бала бакча ачылды
Ош шаарындагы №49 "Таң-Шоола" бала бакчасы капиталдык оңдоодон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, жаңыланган имарат менен таанышты. Ал бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, мекемеге эки телевизор белек кылды.
Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо иштери 2026-жылдын август айында башталган. Анын алкагында имарат толугу менен жаңыланып, фасады оңдолуп, эски терезелер заманбап пластик терезелерге алмаштырылган.
Ошондой эле балдар үчүн жаңы оюн аянтчалары курулуп, коопсуздук талаптарына жооп берген резина төшөлмөлөр төшөлгөн.
Натыйжада бала бакчада балдардын билим алуусу жана эс алуусу үчүн заманбап, коопсуз шарттар түзүлдү.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу