"Сулайман-Тоодо" реконструкциялоо иштери башталды

"Сулайман-Тоодо" реконструкциялоо иштери башталды

21-ноябрдан тартып "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин реконструкциялоонун биринчи этабындагы иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейи толугу менен жабылат. Ал эми музейдин башкы имаратынын экспозиция залы ачык болот.

Учурда курулуш техникалары тартылып, алгачкы иштер жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында музей-комплекстин инфраструктурасын жаңылоо жана зыяратчылар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

"Бардык иштер Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана уникалдуу мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт", - дешти мекемеден.
Сулайман-Тоо — Кыргызстандын Ош шаарынын борборунда жайгашкан улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс. Ал 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өлкөдөгү биринчи эстелик.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чоң Чүй каналынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды