Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

21-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

Шаар башчысы курулуш жана монтаждоо иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.

Маалымдалгандай, учурда иштер 50 гектар аянтты ээлеген аймакта жүргүзүлүүдө. Объектте 52 атайын техника жана 293 жумушчу иштеп жатат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында тазалоочу курулмаларды заманбап технологиялык жабдууларды, автоматташтырылган башкаруу системаларын жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү менен модернизациялоо каралган. Ошондой эле жагымсыз жыттарды азайтуу максатында абаны тазалоочу системаны орнотуу жана күн панелдерин коюу пландалууда.

Объектти көрүп чыгуу учурунда калдыктарды комплекстүү иштетүүнүн жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.

"Долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында биз ар кандай варианттарды карап чыкканбыз. Бүгүнкү күндө шаар калдыктарды кайра иштетүү тармагында жаңы баскычка чыгууда. Катуу тиричилик калдыктарынан тышкары, саркынды сууларды тазалоо процессинде пайда болгон чөкмөлөрдү кайра иштетүүгө да көңүл буруу пландалууда. Келечекте аларды биогумус алуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралат", — деп белгиледи мэр.

Долбоорду ишке ашыруу саркынды сууларды тазалоонун сапатын жогорулатууга, экологиялык тобокелдиктерди азайтууга жана борбор калаада заманбап экологиялык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады

Бишкекте бир күндө 1479 тонна таштанды чыгарылды