"Айыл Банк" баштапкы төлөмсүз батир алууга шарт түзөт

"Айыл Банк" баштапкы төлөмсүз батир алууга шарт түзөт

"Айыл Банк “Кепилдик фонд” ААКсынын “Келечек” кепилдиги менен өз кардарларына баштапкы төлөмсүз батир алууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин маалымдады. 

Маалыматка ылайык, “Келечек” кепилдиги турак жай баасынын 30%га чейинкисин жаап, кардарлардын баштапкы төлөм чогултуу машакатынан арылтат. Программа даяр батирлерге жана курулуп жаткан үйлөргө да иштеп, кепилдик бир жолу гана таризделет. 

Аталган программанын мүмкүнчүлүгүнөн кыргыз жарандыгы бар, өлкөдө кеминде бир жылдан ашык ишкерлик кылган жарандар да пайдалана алышат. 

Ипотекалык насыяны мөөнөтү 10 жылга чейин, жылдык пайыздык чени 16%дан башталат. 
Пайыздык чендер:
18%-өз каражаты 30%га чейин болгондо;
16%-өз каражаты 30%дан жогору болгондо;
18%-“Келечек” кепилдиги менен;
16%-кайра каржылоо учурунда. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 10 миң көчөт отургузулат

Бишкекте 10 миң көчөт отургузулат

Бишкекте борборду масштабдуу жашылдандыруу кампаниясына даярдыктар башталды. Мэриядан билдиргендей күзгү көчүрүү сезонунун алкагында шаарда 10 миң бак жана бадалдарды отургузуу пландалып жатат.  Мындай чечим шаардын экологиялык кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Жашылдандырууда негизги көңүл мектеп, бала бакча жана аларга жакын зоналарга бөлүнөт.  “Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык мекемеси жашылдандыруу схемасын пландап, белгилерди коюп, чуңкурчаларды

Камсыздандыруу төгүмдөрү 6 жылда эки эсе көбөйдү

Камсыздандыруу төгүмдөрү 6 жылда эки эсе көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2019-жылдан берки көрсөткүчтөрүн коомчулуккка чыгарды. Маалыматта 6 жыл ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү эки эсе өскөнү көрсөтүлгөн.   Мисалы:  2019-жылы — 32,4 млрд сом; 2020-жылы — 33,1 млрд сом; 2021-жылы — 38,3 млрд сом; 2022-жылы — 51,7 млрд сом; 2023-жылы — 64,3 млрд сом; 2024-жылы — 74,08 млрд

"Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары дагы көбөйөт

"Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары дагы көбөйөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы 3 жылда өлкөдө видеокамераларды масштабдуу орнотуу жүргүзүлгөнүн Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.  Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” системасы боюнча: Бишкекте – 651; Баткен облусунда–248; Ысык–Көл облусунда 283; Манас облусунда – 205; Нарында–207; Ош шаарында – 57; Ош олусунда – 115; Талас облусунда

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүнРеспубликалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылышында билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат жана анын 32си медициналык