1857 үй, 3006 жер участогу жер мунапысына жатпайт

1857 үй, 3006 жер участогу жер мунапысына жатпайт

Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча департаментинин директору Уран Мусаев “Биринчи радиого” 2021-жылдын декабрынан кийин курулган 1857 турак үй жана  бош жаткан 3006 жер участогу жер мунапысына кирбей турганын билдирди. 

Буга улай ал 156 участок камакта экенин, 2643 үй таштанды полигонунун коргоо зонасында турганын айткан. Ошондой эле 1170 жер участогу боюнча арыз берүүчүлөр ортосунда талаш маселелер катталган. 
Башка көйгөйлүү категориялар арасында: 118 жер участогу жогорку чыңалуудагы электр линияларынын коргоо зонасында, 21 участок жылуулук тармактарынын түтүктөрүнүн территориясында, 60ы Бакай-Ата жаңы конушунун жана Бишкек ЖЭБинин күл төгүүчү жеринин коргоо зонасында жайгашканы айтылат.  

Ошондой эле 31 адам жашабаган үй, саркофаг жана оорулуу малды көмүүчү жайда 22 объект,  суу коргоо зонасындагы 5 объект, ошондой эле Кара Жыгач бакчасында 102 үй аныкталган.  

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен