Камсыздандыруу төгүмдөрү 6 жылда эки эсе көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2019-жылдан берки көрсөткүчтөрүн коомчулуккка чыгарды. Маалыматта 6 жыл ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү эки эсе өскөнү көрсөтүлгөн.
Мисалы:
2019-жылы — 32,4 млрд сом;
2020-жылы — 33,1 млрд сом;
2021-жылы — 38,3 млрд сом;
2022-жылы — 51,7 млрд сом;
2023-жылы — 64,3 млрд сом;
2024-жылы — 74,08 млрд сом чогултулган.
Ошондой эле 2025-жылдын 9 айында 59,7 млрд сом жыйналган.
Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн үзгүлтүксүз төлөгөн жаран келечекте пенсия алуусун камсыздап, бир катар социалдык жеңилдиктерге ээ болот.