Курулуш нормаларын бузган 44 компания кара тизмеге кирди

Курулуш нормаларын бузган 44 компания кара тизмеге кирди

Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министерстрлиги курулуш мыйзамдарын бузган компаниялардын жаңы тизмесин жарыялады. Мекеменин кара тизмесине лицензиялык талаптарды жана курулуш нормаларын бузган 44 курулуш компаниясы кирген.

Маалыматка ылайык, компаниялар төмөндөгү:

  • курулуш-монтаж иштерин аткарууда лицензиялык талаптарды жана курулуш ченемдерин одоно бузуу;
  • берилген лицензиянын шарттарын аткарбоо;
  • мамлекеттик органдардын эскертүүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө жооп бербөө;
  • курулуш тармагындагы мыйзам бузуу фактыларынын кайталанышы сыяктуу нормаларды бузгандыгы үчүн аталган тизмеге киргизилген. 
Эми бул компаниялар эскертүү берилгенден кийин 90 күндүн ичинде кемчиликтерди жоюп, тиешелүү талаптарга жооп берген шартта гана кара тизмеден чыгарылат. Белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, компаниянын лицензиясын сот аркылуу жокко чыгаруу процесси жургүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Бүгүн Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, шаардык бюджеттин долбоору каралды. Сессияга мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана депутаттар катышты. Шаардын финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу 2026-жылга бюджет долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Жергиликтүү бюджеттин планы 1 млрд 587,7 млн сом

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отуруму өткөрүлдү. Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты. Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, курамында депутаттар Свен Симон, Тьерри Мариани жана Кристиан Вигенин

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Кыргызстандагы белгилүү блогерлер Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган. Меморандумдун