Кара-Көл шаарында 5, 9 кабаттуу үйлөр курулат

Кара-Көл шаарында 5, 9 кабаттуу үйлөр курулат

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга болгон иш сапарында кара-көлдүктөрдүн турак жай маселесин угуп, шаар аймагында 10 гектарды түзгөн жер аянты бар экенин, ал жерге ипотекалык үйлөрдү куруу ташырмасын тиешелүү жетекчилерге бергенин айтты.

Мекемелердин чечимдерине жараша өлкө башчы айткан аймакка 9 кабаттуу же 5 кабаттуу турак жайлар курулат.  

“Курулуш иштерин жаздан тартып баштайбыз. Бир-эки жылдын ичинде тургундар үйлөрүнө көчүп киришет - деп белгиледи өлкө башчысы. Буга улай ал  Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” турак жай комплексинде курулган 9 кабаттуу 12 үйдөгү 945 батир кезекке турган жарандарга тапшырыларын билдирди.  

29-октябрда болсо Таш-Көмүр шаарында 96 батирдин ачкычы жашоочуларга берилет. Буга чейин МИК Маликов жана Скрябин көчөлөрүндө курулган турак жайлардан 1059 батирди ээлерине берген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен ИИБинде заманбап эксперттик-химиялык лаборатория ачылды

Баткен ИИБинде заманбап эксперттик-химиялык лаборатория ачылды

Баткен облусун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы аталган мекемеде химиялык лабораториянын ачылышы менен эксперттик-криминалистикалык кызматтын мүмкүнчүлүгү кеңейгенин билдирди.  Мурда Баткен ИИБинде эксперттик бүтүм  ок атуучу  жана кесүүчү куралдар, манжалардын издери менен гана жүргүзүлүп келсе,  эми наркотикалык заттар менен алардан жасалган психотроптук заттарга анализ жасоого жана жеринде эксперттик бүтүм чыгарып берүү

Салык кызматы ишкерлер менен ЕАЭБ алкагында экспортту талкуулады

Салык кызматы ишкерлер менен ЕАЭБ алкагында экспортту талкуулады

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков экспорттоочулар жана кайра экспорттоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш-чаранын максаты — ЕАЭБ алкагында товарларды экспорттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди колдоо. Катышуучуларга чек арадан өтүү, коштомо документтерди даярдоо, шайкештик сертификаттарын алуу жана электрондук эсеп-фактуралар боюнча практикалык сунуштар берилди. Жолугушууга Экономика жана

Өкмөт бийик тоолуу деп 33 жаңы калктуу конушту каттады

Өкмөт бийик тоолуу деп 33 жаңы калктуу конушту каттады

Министрлер Кабинети 33 жаңы калктуу конуштарды бийик тоолуу деп бекитти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. МинКабдын токтому менен Кыргызстандын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын жаңы тизмеси бекитилди. Мурда жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөр жана “Мамкартография” мекемесинин анализинин негизинде, 33 калктуу конуш бийик тоолуу катары катталды. Ошондой эле 62 калктуу

"Лукойл" компаниясы чет өлкөдөгү активдерин сатарын маалымдады

"Лукойл" компаниясы чет өлкөдөгү активдерин сатарын маалымдады

Россиянын “Лукойл” нефти компаниясы Американын санкцияларынан улам чет өлкөлөрдөгү активдерин сатарын компанияынн малымат кызматы билдирди.  Компания активдеин санкцияга жоопкерчиликтүү болгон АКШ ФИнансы министрлигинин Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө  башкармалыгынын (OFAC) лицензиясына ылайык сатат.   Эгер зарыл болсо “Лукойл” чет өлкөлөрдөгү активдеринин үзгүлтүксүз иштеши үчүн лицензияны узартууга арыз берүүнү пландаштырып жатканы баса белгиленген.