"Унаа" мамлекеттик ишканасынын жаңы имараты курулат
Бишкекте 14-ноябрда 10 гектар жер аянтын ээлей турган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынарын Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, борбордо 2 ай ичинде жаңы автодромдор курулат, а кийинки жылдын март айында “Унаанын” бардык шарты бар жаңы имаратын көрүүгө болот. “30 жыл ичинде ишкананын имараты жана автодромдору болгон эмес. Азыр биз мамлекеттик автомектептерге автоматтык кыймылдаткычтуу унааларга буйрутма берип жатабыз”,-дейт ал.