Ынтымак айылында 150 орундуу мектеп курулуп жатат
Түп районунун Ынтымак айылында сметалык баасы 100 млн сом болгон мектеп республикалык бюджеттин каржылоосунда курулуп жатат.
Курулуш министрлигинин билдиришинче мектеп 150 окуучуга ылайыкталган жана ал спорт залы бар, эки кабаттуу имарат болот.


Учурда мектептин ички монтаждоо иштери жүрүп жатат.