Былтыр өлкө боюнча 7 миң 75 объект демонтаждалган
Кыргызстанда 2024-жылы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жалпы 7 миң 75 объектини демонтаж кылганы Бишкек мэриясынын өткөн жылга карата отчетунда айтылды.
Документке ылайык, мунун ичинен 3,5 миңи жеңилдетилген типтеги объект, 506сы капиталдык курулуш жана 3 миңи жарнамалык конструкциялар. Жалпы 16,8 млн сомго 1,7 миң протокол түзүлгөн.
Муниципалдык жерди колдонгону үчүн 72,7 млн сом ижара акысы жана 6,7 млн дебитордук карыз төлөтүлгөн.