Курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн мыйзамдуу экенин кантип билсе болот?

Курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн мыйзамдуу экенин кантип билсе болот?

 Кечээ Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчиси Медербек Кыдырмаев журналисттер менен болгон маалымат жыйында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн мыйзамдуу, мыйзамдуу эмес экенин жарандар кантип текшерсе боло турганын айтты. 

“Ушул тапта Курулуш министрлиги тарабынан бекитилген кандайдыр бир үйдү, турак жайды курууга уруксат алуу боюнча жобо бар. Ошондой эле курула турган имараттын шаардагы инженердик тармактарга кошулуусу жана аны долбоорлоо боюнча шаардык корутунду жазылат. Ал корутунду жазылыш үчүн курулуш компаниясы “Бишкек суу канал”, “Түндүкэлектр” сыяктуу тиешелүү ишканалардан техникалык шарттамаларды алышы керек. Алар жок  Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан долбоор макулдашылбайт. Эгер долбоор биздин мекеме менен макулдашылган болсо, демек, алардын шаардык инженердик тармактарга кошулууга уруксаты бар”,-дейт М.Кыдырмаев. 
Шаардын башкы архитекторунун айтымында, ар бир курулуш объектисинин коргонунда QR код илинип турушу керек. Кардарлар ошол QR код аркылуу объектинин тиешелүү документтери бар, жогун аныктап алса болот. 

“Ошондой эле кардарга айта кетүүчү сунуш, үй сатып алуучу менен курулуш компаниянын ортосундагы келишимди үй сатып алуучу Бишкек шаардык кадастрына барып каттатып коюшу керек. Эгер компаниянын курулушка уруксаты жок болсо Бишкек шаардык кадастры аны каттоого албайт”,-дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен