К.Ташиев: "Чүйдө 100дөн ашык объект, 2025-жылы 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынды"

К.Ташиев: "Чүйдө 100дөн ашык объект, 2025-жылы 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынды"

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин шаарында жаңы төрөт үйүнүн имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу иш-чарасында Кыргызстанда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө сүйлөп, бул жаатта Чүй облусунда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Камчыбек Ташиев 2023-жылы УКМКнын атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү 30 млн долларга бааланган 850 батир мамлекетке кайтарылып, элге ипотекага берилип жатканын айтты. Чүй облусунда убагында ар кандай жол менен жеке колго өтүп кеткен 100дөн ашык объект, 2025-жылы эле 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынганын кошумчалады.

“Аю Холдингинин” ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун Аламүдүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 млрд сомду түзгөн мүлкү мамлекетке кайтарылды. Бул акыркы жылдары биздин жасаган иштер. Мен Чүй облусу боюнча гана айттым. Башка жерлерде мындан да көп талап-тоноолор болгон”, - деди Камчыбек Ташиев.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнүн анын адвокаты болгон Памир Суранбаев “Азаттыкка” билдирди. Кудрет Тайчабаров 2025-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган. Боршайком “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда таштандыдан электр энергиясын ала турган заводдор курулат

Ысык-Көл облусунда желим баштыктарга чектөө киргизүү, аларды жок кылуу жана таштанды полигондорундагы абал тууралуу "Эко Деми" фондунун президенти Айжан Чыныбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди. Чыныбаева желим баштыктарды колдонууну чектөө зарыл экенин, бирок аны ишке ашыруу татаалдыгын белгилейт. Ошондой эле ал желим баштыктардын зыянын эске

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык эскирген ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда, ал жерде жаңы гидроагрегат орнотууга даярдык көрүлүп жатат. Долбоордун алкагында негизги жабдуулардын көпчүлүгү станциянын кампасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3%ы келип түшкөн. Учурда №2

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы өздүк каражатынын эсебинен Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырып жатканын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Учурда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин жерлери такталып, долбоору чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып