Бишкекте жашыл зоналар 2050-жылга чейин 2400 гектарга чейин кеңейтилет
Борбор калаанын башкы планын эксперттик талкуулоого арналган иш-чарада шаарды өнүктүрүү документин иштеп чыгуучулар Бишкектин жашыл аймактары сакталып гана тим болбостон, кеңейтилерин да белгилешти.
“Биздин укук” коомдук фондунун өкүлү Калича Умуралиева 1991-жылы бир нече сейил бактар (Ч.Айтматов, Кара жыгач токою, Фучик, Жеңиш жана Кычан Жакыпов парктары) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары катары белгиленгенин, коргоо грамоталары бар экенин баса белгиледи. Бирок, Башкы планда бул макам Каражыгач токою үчүн гана сакталып калган. Ал муниципалдык өкүлдөрдөн шаардын башка сейил бактары эмне болорун, 2050-жылга чейинки башкы план тургундарды жашыл аймактар менен канчалык деңгээлде камсыз кыларын сурады.
Буга улай ал “Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, учурда жан башына 6 чарчы метр аянт туура келерин билдирди. Борбор калааны деталдуу пландоого ылайык ар бир шаардыкка 3 чарчы метр гана туура келет. Эл аралык стандарттар боюнча жан башына 24 чарчы метр деп белгиленген.
Россиялык план иштеп чыгуулардын айтымында, бардык сейил бактардын статусу сакталат жана жашыл аянттар 2400 гектарга кеңейтилет. Башкы пландын башкы архитектору Ирина Гришечкинанын айтымында, жашыл зоналарды кеңейтүү үчүн Бишкектеги жолдордун боюн жашылдандыруу зарыл.